Кыргыз аялдарынын коомдогу орду, кадыр-баркы жана милдети “ Манас” эпо су баш болго элдик оозеки чыгармачылыктын бардык түрлөрүндө мыкты сүрөттөлүп келген. Кылымдан кылымга өтүп келген улуттук каада-салт, нарк- насилдерибиз коом өзгөргөн сайын өзгөрүүгө дуушар болуп, “жетимиш жылда—жер жаңы, элүү жылда —эл жаңы” дегендей унутта калып бара жаткандай. Биздин өтмүшүбүздөгү күнүмдүк жашоо тарзын көркөм чыгармалар, өзгөчө тарыхый көркөм чыгармалардан окуп билүү зарылдыгы бар. Аларды бир гана окуп тим болбостон, анализге алып, андагы көркөм образдарды кийинки муунга талдап берүү бүгүнкү күндөгү адабиятчылардын милдети. Бүгүнкү күндө коомдо аялзатынын кордолушу, аларга карата зордук-зомбулук же болбосо тескерисинче кыргыз кыздарынын коомго жат, ыплас иштери кайдан чыкты, кайдан келди деген суроо жаралбай койбойт. Ар бир коом өзүнүн өтмүшүнүн жакшы жактарын улантып кетүүгө милдеттүү. Дал ушундай максат менен 75 жылдык кыргыз турмушун чагылдырган Т. Касымбековдун “Сынган кылыч” романындагы аялдардын орду, баркы- баасы жана милдеттерин, бүгүнкү күндө жаштарга үлгү боло тургандай мыкты сапаттарын ачып берүү макалабыздын негизги максаты болду. Макалада романда кездешкен бардык айым каармандар тизмектелип, ар биринин образдарына кыскача токтолдук.
Т. Касымбеков, “Сынган Кылыч”, Аялдар Образы, Каада-Салт.