Özet


ЖУСУП БАЛАСАГЫНДЫН “КУТТУУ БИЛИМ” ПОЭМАСЫНЫН ИЗИЛДЕНИШИ

Жусуп Баласагындын “Куттуу билим” поэмасын изилдөөгө Кыргызстандын окумуштуулары зор салым кошкон: Т. Сыдыкбеков, К. Артыкбаев, С. Эралиев, Б. Жамгырчиев, А. Нарынбаев, Н. Токтомаматов, Н. Жаманкулов ж. б. Көптөгөн чет элдик окумуштуулар, алардын арасында француз окумуштуусу А.П. Жобер, түрк окумуштуулары Р.Р. Арат, А. Дилачар жана башка окумуштуулар да өз салымдарын кошкон. “Куттуу билим” поэмасын изилдөө тарыхындагы маанилүү этап академик В.В. Радловго тиешелүү. “Куттуу билим” дастанын басып чыгарууга көп күч жумшаган жана ага илимий изилдөөлөрдү да арнаган. Жусуп Баласагындын чыгармачылыгын изилдөө, анын чыгармачылыгынын жаралуу доору орустун көрүнүктүү чыгыш таануучулары В.В. Бартольд, С.Э. Малов жана белгилүү советтик тарыхчылар, адабият таануучулар А.Н. Кононов, С.Н. Иванов, М.С. Фомиковго да тиешелүү болгон.



Anahtar Kelimeler

Поэма, Тарых, Адабият, Изилдөө


Kaynakça