Abstract


Study of Non-Verbal Means in Turkology

Бул макалада бейвербалдык каражаттардын тектеш түрк тилдеринде жана да кыргыз тил илиминде изилдөө иштеринин жалпы жүрүшү, анда кайсы аспектилерде, кайсыл окумуштуулар илимий эмгектерди жазгандыгы боюнча талданат. Ымдоо-жаңсоолордун бир канча улутка тиешелүү болгонун жана да сырткы түзүлүшү окшош болгону менен ар бир улутта ар кандай колдонулат. Ар бир маданияттын ɵзүнɵ гана тиешелүү кайталангыс стереотиптүү менталдык дененин кыймыл абалдары болот жана бейвербалдык белгилер кепти коштоп жүрсө да, кепке карата негизги орунга ээ болсо, кеп ага багыныңкы абалда болот. Улуттун белгилерин, анын байланыш кебиндеги маданий өзгөчөлүктөрүн, өз ара алака мамилесин, жүрүм-турумдарын тилдин ички түзүлүшү аркылуу гана изилдебестен, ошол вербалдык эмес каражаттарынын негизинде изилдешет. Ар бир элдин эмоционалдык жана менталдык вербалдык эмес абалдарынын вербалдык б.а. тил каражаттары аркылуу тилде берилиши, көркөмдүк образды жаратуудагы орду, ошондой эле тектеш түрк тилдердеги бейвербалдык каражаттардын окшоштугу, айырмачылыгы каралды. Кандай гана ымдоо-жаңсоо болбосун, анда милдеттүү түрдө кандайдыр бир максат көздөлөт жана анын негизинде маалымат туюнтулат.



Keywords

бейвербал, жест, этикет, этнолингвистика, түрк тилдери, кыргыз тили, түркология, лингвистика.


Kaynakça